Печать
Категория: Коом
Просмотров: 241

Жогорку Кеңештин депутаты Акбөкөн Таштаналиев укук, кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында Кадамжай районунда жакында зордукчулдардын колунан көз жумган 14 жаштагы кыз тууралуу маалымат берилип жаткан учурда таң калыштуу билдирүүсү менен чыкты. 

Ага чейин депутат Эмил Жамгырчиев зордуктоо фактылары көбөйүп жатканына тынчсызданып, бул дагы ачыкка чыккандары экенин белгилеген. 

"Ал тууралуу айтуудан корккондор да бар. Биз кабыл алган мыйзамдар эмнеге мындай зордукчулдарды коркутпай жатат? Мүмкүн парламент туура эмес мыйзамдарды кабыл алып жатат же алар иштебей жатат", - деген депутат. 

Ал эми Акбөкөн Таштанбеков адаттагыдай күнөөнү кыздардын өзүнө оодарууга аракет жасады. 

"Айрым мектептердин окуучу кыздары өтө кыска юбка кийишет. Аны менен зордукчулдардын көңүлүн бурушат. Кыска юбкага нормалдуу адамдар көңүл бурбайт, а педофилдер аңдып башташат. Ата-энелер, мектептер, коомчлук кыска юбка маселесин чечиши керек", - деди депутат. 

Акбөкөн Таштаналиевдин бул биринчи таң калаарлык билдирүүсү эмес. Буга чейин да анча-мынча адамдын оюна келбеген нерселерди парламенттин трибунасынан айткан. Мисалы, КММАнын ректору Индира Кудайбергенова мурда өлүктөрдү сатканы үчүн кызматынан бошотулган деп чыккан. Кудайбергенова буга жооп иретинде, эч убакта кызматтан болгондо да өлүк сатуу боюнча бошотулбаганын билдирген. Андан кийин Таштанбеков Кыргызстанды башка өлкөлөрдөн уурдалган акчаны сактоочу өлкөгө айландырууну, ошону менен өлкө экономикасын көтөрүүнүн сунуштап чыккан.