Печать
Категория: Коом
Просмотров: 102

Кылмыштардын бердиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагындагы КР Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренесинин 5-бөлүгү (Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө,  8-сентябрда КР УКМК тарабынан 2018-жылдан бери Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамсыз жүргөн жана мыйзамсыз диний-экстремисттик идеологияны жайылтып жүргөн чет мамлекеттин жараны Ч.Д.Д. кармалды.

Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, тинтүү иш-чараларынын натыйжасында анын убактылуу жашаган жеринен ноутбуктар, электрондук алып жүрүүчүлөр, банк карталары, көп сандагы телефондор жана сим-карталар, ошондой эле тергөөгө тиешелүү материалдар табылып алынды.

Азыркы учурда кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоо жайына киргизилип, ага карата ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.