Печать
Категория: Коом
Просмотров: 809

Коомдо болуп жаткан ар кандай окуялардан улам ФБ колдонуучу Сталбек Карасартов келечек муунду татыктуу өстүрүү үчүн кандай чечимдерди кабыл алуу керектиги боюнча өз пикирин жазды:

- Коомдогу болуп жаткан терс көрүнүштөгү окуялар ар бир кыргызды ойлондурбай койбойт. Ооруну дарылаганга караганда алдын алуу жеңил деген сыяктуу, биз жаштарга тарбия берүү жагына өзгөчө көңүл бурсак. Негизинен айтыла турган ойлор көп. Бирок ишке ашып калабы деген үмүт менен мен тааныган жана менин достугумдагы депуттарга, ошондой эле билим берүү министрлигине үнү жете тургандарга айткым келет эле. Коомчулукка жаштарды тарбиялоону же келечек түзүү үчүн мектеп курактагы балдарга туура багыт берсек. Албетте так илимдер да керек. Бирок гуманитардык багыттарды мектеп программамындагы сабактарга көбөйтсөк. Андан сырткары " Адеп" сабагы өтүлүп келген. Адеп дегенде эле тарбия катары түшүнүп өзүбүздү тарбиялуудай сезип анчалык көңүл бөлбөй келебиз. Ал эми жаңы киргизилген диндердин тарыхы боюнча сабак да керек. Бирок өтө зарылчылдыгы жок. Менин айтайын деген негизги оюм мектеп программасына "Маданият" сабагын киргизсе.

"Маданият" сабагын адам төрөлгөндөн баштап жерге берилгенге чейин, дегеле 1-11- класска чейин окутуп бүтүрсө болчудай. Жөнөкөй эле мисал катары айтайын. 1-4- класска чейин эрте менен туруунун маданиятынан кечки уктагандын маданиятына чейин окутса болот. Анын ичинде тамак ичүү, жууну, сабак даярдоо кийим кийинүү, жолдо жүрүүнүн маданияты сыяктуу. 5-8 класста адамга мамиле кылуу, бир тууганга мамиле кылуу, дегеле ошо өспүрүм куракта эмнелер керек болсо ар биринин маданиятын үйрөтүү зарыл. Аны менен кошо ырым жырымдардын динге салтыбызга туура келгенин , туура келбегенин тактап берүү. Ошонун менен бирге диндеги жашоо , алардын айырмачылыгы , жеке ишеним жөнүндө. Ал эми тогузунчу класста толук сүйлөө маданиятын окутса. Элдин алдында сүйлөө, улуулардын алдында сүйлөө. Чындыгын айтыш керек. Кыргыз элинин эң бир чоң байлыгы тили. Сөзгө чечендиги. Ошону менен бирге тилибизге жогорку деңгээлде кам көрөбүз. Азыр көрүп жатабыз. Чоң кызматтагылар да эки сөздү эптеп айта албаганын. Ал эми 10-11-класста үй бүлө темасына, аялга болгон мамиле жөнүндө өтө кеңири маалымат бериш керек. Аны окуучулар билет дегенибиз менен жок дегенде дагы бир жолу эскертип турабыз. Жалпылап эле жаздым. Ар бир класска бөлгөнүм боюнча терең талдап чыкса өтө зарыл темалар бар.

Сиздерден сураныч. Бул айткандарыма бүгүн аракет кылалы. Жаштардын көз карашы , жашоого болгон ою чар жайыт бара жаткансыйт. Ошондуктан кечиктирбей чара көрөлү. Чындыгында соцсетте канча адам өзүнүн маданиятын көрсөтүп жатат. Интернет ааламын кантип колдонуунун да маданиятын үйрөтүш керек. Эгер ушул оюм ишке ашып калса биз коомубузду тарбиялап алгае болот элек. Үч жылдан кийин жаштар үйрөнүп чыкса , ата энесине да маалымат берет деген ойдомун. Маданият десе ыр-бийди түшүнбөшүбүз керек. Маданият десе искуствону түшүнбөшүбүз керек. Маданият бул эрте менен ойгонгондон башиап кечиндеси уктаганыбыз. Маданият- бул биздин төрөлгөндөн баштап өлгөнгө чейинки жашообуз. Маданият- бул биздин тарыхыбыз. Маланият - бул биздин бүгүнкү жашообуздун жүзү. Маданият - Бул биздин келечегибиз.