Редакцияга Октябрь району боюнча муниципалдык башкармалыгынын башкы адиси Кылыч Борсоковдун кызматтык этикага туура келбеген кылык-жоругун тизмелеген кат келип түштү. Өзгөртүүсүз бердик:
"Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь району боюнча муниципалдык башкармалыгынын башкы адиси болуп иштеп жаткан Боорсоков Кылыч Кадырович прокуратура кызматынан 17-берененин негизинде бошотулуптур. Тагыраагы, тартиптик жоопкерчилик деген атайын берене менен өз милдеттерин так аткарбагандыгы жана ар-намыска шек келтирген укук бузууларды жасагандыгы үчүн иштен четтетилиптир. Эми ошондой берене менен кызматынан бошогон адис кимдир бирөөнүн колдоосу менен Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь району боюнча муниципалдык башкармалыгынын башкы адиси болуп ишке орношуптур. Өкүнүчтүүсү, кызматтан атайын берене менен кеткени ага сабак болбоптур. Азыр да аталган жерде иштеп жаткан кыз-келиндерге одураңдап, орунсуз сөздөрдү айтып, баштагы адаттарын таштабай, иштеп жаткан кызматкерлерге ыңгайсыз жагдай жаратып жатыптыр. Айтайын дегеним, Боорсоков Кылыч Кадырович прокуратурадагы байланыштарына таянып, мастыгына салып, кандайдыр бир себептер менен ага көз каранды болгон администрациянын кызматкерлерине саунада убакыт өткөрүүнү сунуштап, администрациянын бардык кызматкерлерин өзүнүн байланыштары менен коркутат экен. Мындай чектен чыккан адистерди тескей турган жан барбы?"
(Экинчи тараптын да пикирин укканга даярбыз)