Жакында Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров маалымат каражаттарынын бирине маек берип, 2010-жылдагы Июнь окуясына кайрылган. "Сузактын эли менен Жалал-Абаддагы кыргыз менен өзбекти мен жараштыргам. "Тынчтыкка келели, токтоткула", - деп айттым", - деген Азимбек Бекназаров.
Буга байланыштуу Июнь окуясынын күбөсү Кеңеш Калбаев байланышка чыгып, буларды айтып берди.
"2010-жылдагы Июнь окуясында Бекназаров "Барып, эки элди ынтымакка чакырып, жараштырдым", - деп жатпайбы. Ал киши мындай ишке бара албайт. Кайсы бийлик келбесин, кандай окуя болбосун - 2005-2010-жылдардагы окуяларды алып көрөлү - Бекназаров тетири саясат жүргүзгөн. Биз Июнь окуясын жакшы билебиз, эки элди Камчыбек Кыдыршаевич жараштырган. Ал киши убагында аракет кылбаганда дагы да көп жаман иштер болуп кетет эле. Бекназаров, Текебаев, Отунбаева, Исаков өңдөнгөн Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү эки элдин ортосуна от коюшту. Алар Кадыржан Батыровго ишеним билдиришип, анын айынан окуя өнүгүп кетти. Эгерде Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү бек туруп, Кадыржанды тартипке чакырышканда, мындай болбойт эле. Бекназаров элди жараштырбай эле, кагыштырган. Аны элдин баары билет. Анан эле эми чыгып алып, калп айтканы уят. Бул киши болбойт экен. Аларга Июнь окуясы боюнча иш козгоп, жоопкерчиликке тартыш керек. Биз дайыма какшап келебиз, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү кандуу окуя боюнча жооп беришсин, жоопкерчиликке тартылышсын деп.