Өлкөнүн эл аралык резерви валюталык рынокту жөнгө салып, абалды турукташтыруу үчүн пайдаланылат. Резервдин көлөмү канчалык көп болсо, ошончолук жакшы.
Август айынын жыйынтыгы менен эл аралык резервдин көлөмү 2 млрд. 567,82 млн. долларды түзүп, 19,34 млн. долларга өскөн. Бирок өткөн жылдын августуна салыштырганда 301,65 млн. долларга азайган. Жыл башынан бери көрсөткүч 409,74 млн. долларга төмөндөгөн. Эл аралык резервдин эң жогорку көрсөткүчү 2021-жылдын сентябрында болгон. Анда резервдин деңгээли 3 млрд. 241,14 млн. долларга жеткен эле.
Булак: “Майдан. kg” гезити