Печать
Категория: Коом
Просмотров: 86

Мамлекеттик, өкмөттүн эл алдындагы социалдык ж.б. милдеттенмелеринин аткарылуусу түздөн түз бюджеттин киреше бөлүгүнө, салыктардын жыйналуусуна көз каранды. Эгерде Салык кызматынын билдирген маалыматтарга ишенсек, бул жааттагы абал жаман эмес.

2022-жылдын 8 айынын жыйынтыгы менен Салык кызматы тарабынан 99 млрд. 961,4 млн. сом салык жыйналып, белгиленген пландан 1 млрд. 445,5 млн. сомго көп жыйналган. Ал эми өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 33 млрд. 829,4 млн. сомго ашыкча жыйналган.

Негизги салыктар КНС салыгынын эсебинен жыйналган, же жалпы чогултулган салыктык төлөмдөрдүн 32 %ын түзөт. Ал эми “Кумтөрдөн” – 22 млрд. сом, киреше салыгынан – 16 млрд. сом, акциздик салыктан – 6,6 млрд., сатуудан түшкөн салыктан – 4 млрд. сом жыйналса, 8,8 млрд. сом салыктын башка түрлөрүнүн эсебинен камсыз кылынган.

Жогорудагы сандарга ишенсек, Салык кызматынын иши жаман эмес, пландан ашык аткарылып, бюджеттин киреше бөлүгү толтурулууда. Эми башкысы, ушул темп кармалып, жылдан жылга бюджеттин салыктардын эсебинен болгон кирешеси арта берсин дейли.

Булак: "Майдан. kg" гезити