Азимбек Бекназаров бүгүн маалымат жыйынын уюштуруп, журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берди. Мурдагы элчинин билдирүүлөрү төмөнкүдөй жыйынтыкка алып келди:
1. Бул маалымат жыйыны мурдагы элчинин коомчулуктун алдында актанып алышына жол ачты. Элчилик кызматтан бошотулганын Тышкы иштер министрлиги "кызматтык милдеттерин аткара албады" деп мүнөздөгөн. Бекназаров колунан иш келбей калганы үчүн кызматсыз калганын моюндагысы келбей, аны саясий куугунтукка төңкөрдү. Башкача айтканда, "Кумтөр" боюнча маек берип, чындыкты айтканы үчүн куугунтукка кабылыптыр.
Бекназаровдун "чындыгы" баарына белгилүү. Ал элчи болуп отурган жылдар аралыгында бир жолу да оозун жапкан жок. Кыргызстандагы ар бир саясий кырдаалга, окуяларга баасын берип келди. Бирок бийлик тараптан кысым болгон эмес, ишин улантып келген. Анан капысынан эле саясий куугунтукка кантип илешип калат?
2. Кызматтан кеткен адам бийликке сын айтат. Бул жагынан айрыкча Бекназаров алдына эч кимди салбайт. Буга чейин деле бийликке оппозиция болуп жүрүп, кайсы бир кызматты бергенден кийин чындыкка көз жумуп коюп, кайра кызматтан түшкөндөн кийин "ырдап" келген. Мисалы, ошол эле Аксы окуясы. Андагы чындыкты таап, бейкүнөө жарандардын өлүмүнө себепкер болгон тараптарды суу үстүнө чыгарууга канча жолу убада берди. Башкы прокурор болгондон кийин анысын унутту. Аны менен жердештеринин өзүнө болгон сыйынан ажырады. Эми кайсы бир "чындыкты" айтпай деле койсо болот.
3. "Ош окуясы үчүн Баатыр наамын алуу болбойт. Кыргызстанда бир гана баатыр бар, ал - Алмазбек Атамбаев" - бул маалымат жыйынындагы Бекназаровдун пикири болду. Бул чын эле Азимбек Бекназаровбу, капысынан "двойниги" пайда болгон жокпу? Атамбаевдин атын укканда биринчи эле ойго ушул нерсе келет экен. Атамбаевге айыгышкан душман болуп, болгон нерсенин баарына каралап жүргөнү маалымат каражаттарынын архивдеринде сакталуу. Заматта 180 градуска ооп кеткенин кандай түшүнүүгө болот? Же кызматтан кетирген бийликке кыр көрсөтүү иретине Атамбаевдин этегин карманууга камданып жатабы?
Ал эми Ош окуясы кызыл кыргындын күнү болгон. Улуттар аралык кагылышуу калыңдап кетсе жарандык согушка жол ачылмак. Анда эле берегидей безилдеп отурган Бекнарзаровго окшогондор да алапайын таппай калышмак. Камчыбек Ташиев улуттар аралык кагылышууну өз убагында токтотуу менен жалпы мамлекеттин, элдин, анын ичинде Бекназаровдун урук-тууганынын, жек-жаатынын да тынчтыгын сактап калды.