Депутат Балбак Түлөбаев Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланды. Ал добуш берүүнүн жыйынтыгында, көпчүлүк депутаттардын колдоосуна ээ болгон.
Эске салсак, парламенттин 7-сентябрдагы жыйынында аталган комитеттин төрагасынын орун басарын шайлоо маселеси каралып, кызмат ордуна Балбак Түлөбаевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн.