Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаров маалымат жыйынын берип, кызматтан кетирген тарапка нааразычылыгын билдирди.
Айтымында, ал кызматтан бошотулган ММКлардан окугандан кийин гана билген.
"Мени милдетин татыктуу аткара албады деп кетиришиптир. Мен ТИМден эмне себептен кызматтан алышканынын себебин айтып беришин талап кылдым. Жоопту августта гана алдым. Ал жакта эч кандай маанилүү себеп жок экен. Бир да жолу сөгүш, эскертүү албагам", - дейт Бекназаров.
Ал өзүн жакшы иштедим деп эсептейт. Анын белгиси катары Кыргызстандын Малайзиядагы Элчилигинин имаратына оңдоо иштерин жасатканын, Бишкектеги Дордой базарынан он метр палас сатып алып, алып барып салып койгонун, эмерек алганын, картиналарды илгенин билдирди.