Печать
Категория: Коом
Просмотров: 112

Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттыкты сактоо министринин ордуна Гүлнара Батырованын талапкерлиги каралып жатканда ага депутаттар тарабынан Сабырбек Жумабеков тууралуу суроо берилди. 

Эске салсак, Сабырбек Жумабеков Травмотология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун жетекчилигинен Алымкадыр Бейшеналиевдин учурунда кеткен. 

Депутат Марат Мураталиев жаңы саламаттыкты сактоо министринен Жумабеков кайра кызматына келип калышы мүмкүндүгү тууралуу сурадыы. 

"Сабырбек Жумабеков өлкөдөгү эң мыкты травматолог жана башка мамлекеттерге да таанымал. Мындай кадрлардын тажрыйбасын пайдаланып, эмгегин баалай билишибиз керек. Борбордун кызматкерлеринин бир бөлүгү Улуттук госпиталга, кээ бирлери Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына кайрылышты. Мен травматологдорду чогултуп, бул маселени дагы бир жолу карап чыгуу керек деп ойлойм", - деди Батырова.