Печать
Категория: Коом
Просмотров: 171

(Биринчи макала)

Бизде көз карандысыздык күнүнө жана жаңы жылга карата жарандарыбызды ар кандай мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Президенттин Жарлыгы чыгып туруусу  салтка айланган. Бул жолку Жарлык өтө эле жоомарт, берешен болду. Кыргыз Республикасынын Баатырлыгы эле 5 адамга ыйгарылды. Ал эми  “эл...”, “... эмгек сиңирген...” деген наамдарды, Ардак грамота алгандардын жалпы саны жүздөн ашат, мүмкүн эки жүзгө жетет. Бир акын “сакалыңыз ап-аппак болуп жайкалат, ал эми ишиңиз да ошондой ак болду бекен?”- деп жазгандай, сыйлангандардын баары эле ыйгарылгандарына татыктуу беле же “бул ирет да мурда болуп жүргөндөй, бармак басты, көз кысты болуп, калыстык эмес, башкача жагдайлар негизги ролду ойноп кеттиби?”- деген да суроо пайда болууда. Тилекке каршы, андай шектенүүлөргө, күдүктөргө омоктуу негиздер да бар.

Баатырдык наам Болот Шамшиевге мындан  15-20 жыл мурда эле берилиш керек болчу. Бирок, белгилүү кинорежиссер жана философ-ойчул биринчи президент менен ачыктан ачык конфликтте болсо, кийинкилерине да ийилбей-бүгүлбөй койгонунан улам убагында Баатырдык түгүл, КМШнын Парламенттер аралык Айтматов сыйлыгы да ыйгарылбады. Ал эми чындыгында Кыргызстанда Айтматовду дүйнөлүк деңгээлде Болот агабыздан жогору жарнамалаган адам жок эле. Айтматовду маскаралап жазгандардын айрымдарына “...чылыктын” негизинде  ал сыйлык берилди, бирок Болот Шамшиевди көзү барында кастарлап, барктоону башкалар түгүл Чынгыз Айтматовдун өзү да эске албаганын ачык айтуубуз керек. Орустар мындайда “кеч болсо да болгону жакшы” дешет, бирок  Болот агабызга убагында бул сыйлык берилсе, мүмкүн, сексенден ашмак.

Камчыбек Ташиевдин мурда эле эл арасында Баатыр деген наамы бар болчу. Досу аны укуктук жактан “оформить” этип гана койду. К.Ташиевдин  2010-жылдын июнунда Түштүктөгү коогалаңды тынчытууга кошкон салымы, эскилердин даңгыр жолуна түшкөн 5-ажону бийликтен кетирип, ордуна азырынча ойдогудай иштеп жаткан Садыр Жапаровду алып келүүгө кошкон салымы эбегейсиз. Жолунанбы же ыгынанбы, айтор, азырынча Өкмөт жакшы иштеп жатат. Бир аз чечкиндүүлүк гана жетишпей жаткансыйт. Бул өңүттөн алганда, Ташиевдин Баатырлык наамга арзыганы туура. Бирок, Апас Жумагулов менен Арстанбек Дүйшеевге (өлгөндөн кийин) эмне үчүн Баатырлык берилгенин түшүнбөдүк. А.Дүйшеев 10 жылдай облусту, анан 5 жылдай республиканын өкмөтүн жетектеген. Эрдиги же эсте каларлык иши менен деле айырмаланган эмес. Ал эми Апас Жумагулов болсо, өмүр бою Масалиев менен Акаевдин көзүн карап, кирпиктери менен тең айланып жүрүп, Кыргызстанды прихватташтырууга эпсиз салым кошуп, өзү да эпсиз байыган адам. Анын дарегине убагында Масалиев кандай ыплас сөз айтып, эмнеге теңегенин да укканбыз. Инсан катары да харизмасы же чечкиндүү башка сапаты менен айырмаланбай, күн чыккан жердин күкүгү болуп жүргөн жан. Жумагулов баатыр болгондон кийин анын прихватташтыруу, талап-тоноо боюнча шайкасынын калган мүчөлөрүнө орден, медалдарды аянбай таркатуу  керек эле.

Оңбогон “временшиктер” бийликке келгенден кийин жаман жорукту башташып, өлгөндөргө, пенсияга чыккандарына 25-30 жыл болгон адамдарга Баатырлыкты ыйгарышкан. Мен Жусуп Абдрахманов менен Исхак Раззаковго эмнеге баатырлык наам берилгенин эмгиче түшүнбөйм. Анткени, алар ансыз деле тарыхка баатыр катары кирип калышкан, алардын ысымдары эч кандай “кызыл-тазылдарга”, наамдарга муктаж эмес. Маселен, В.Ленин өлгөндөн кийин ага эч кандай сыйлык деле ыйгарылбаган, бирок Ленин бойдон эле калган. Бул жагынан  бийликтегилерибиз өздөрү  аңдап-сезбей туруп жаман салтты баштап алышты. Эми Абдыкерим Сыдыков, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматовдон тартып, Матен Сыдыков менен Насирдин Исанов, Алиаскар Токтоналиев, Сопубек Бегалиев сыяктуу, Токтогул Сатылгановдон тартып Болот Миңжылкиевге, Касым Тыныстановдон  Хусейин Карасаевге чейинки инсандарга Баатырлык наамды берип чыкмайынча, эл болбосо да алардын урук-туугандары тынчышпайт. Анткени, бул инсандардын элге, мамлекетке кылган кызматтары Арстанбек Дүйшеев менен Апас Жумагуловдукунан ашса ашат, бирок төмөн эмес. Эми айрымдар баатырлык наам эмне үчүн  Мухаммед Кыргызга, андан  берки Ормон хан менен Нүзүп миңбашыга, баскынчыларга каршы согушуп жүрүп, алардын колунан өлгөн Полот  ханга берилбей жатат (?) - деп жер сабашы да мүмкүн. Чын эле адилет, калыс болсок, Кыргыз мамлекеттигинин жаңы тарыхында чоң роль ойногон Каменский, Кульков, Аммосов, Вагов, Боголюбов, Константин Юдахин сыяктуу ысымдарды эстен чыгарбоо талап кылынат.

Эсептеп көрсөк, азыр кенедей болгон Кыргызстанда 40ка жакын орден-медалдар, наамдар, сыйлыктар бар экен. Айрым наамдар алгачкы маанисин жоготуп, коомчулукту шылдыңдап мазактагандай көрүнүшкө айланып баратат. Алсак, кыргыз улуттук адабияты чындап гүлдөп өсүп өнүккөн 1960-1980-жылдарда “Кыргыз эл жазуучусу”, “Кыргыз эл акыны” деген наамдар 13 адамга гана берилсе, азыр элдин көбү китеп окубай, колго илинерлик чыгармалар жазылбай калган учурда андай наамдар жылына 4-5тен адамга бериле баштады. Алары да кесипкөй жазуучу, акындарга эмес, негизинен  илимпоздорго, адабиятчыларга берилүүдө. Араларында бир да көркөм чыгарма жазбагандары да бар. Алардын көпчүлүгүн эл түгүл, адабиятка аралашып жүрүшкөндөр деле билишпейт. Бул жаатта эбак парадоксалдуу кырдаал жаралган. Алсак, маданият, маалымат тармактарында көп жылдар бою катчы-машинистка болуп иштегендерге деле “КРнын маданиятына эмгек сиңирген” ишмер деген наам берилип жатат. Өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөр, техникалык катчы маданиятты өнүктүрүүгө кандай салым кошмок эле? Же анын буйруктарды, сөгүштөрдү, токтомдорду принтерден чыгаргандары маданий иш катары эсептелеби? Чындап эле ал жакшы иштесе, башкача наам же сыйлык берсе болбойбу. Мындан чыкты, эгерде бир айым Жазуучулар Союзунда 40 жыл машинистка болуп иштесе, ага да “Кыргыз эл жазуучусу” деген наам берилиши керекпи? Сыйлык бергичтердин логикасы боюнча, ошондой болушу керек. Мындай парадоксторду түшүнүп болбой калды.

Мындай көрүнүштөр өлкөбүздө адабий, маданий саясат түгүл, ал жөнүндө түшүнүктүн да жоктугунан улам  пайда болууда. Буга чек коюлбаса, ал адабиятты да, маданиятты да өлтүрөт. Маданий саясат жүргүзө тургандар изилдөөчүлөр менен акын-жазуучулардын ортосундагы айырманы билбей, ким эптеп китеп чыгарса эле, ошону жазуучу деп, алардын ичинен да кимдин жогор жакта таасирлүү  тааныштары болсо, ошолорго гана берилип, чыныгы көркөм чыгармаларды жараткандар  унутулуп калышса, адабияттын өлгөнү ошол да.

(Уландысы кийинки санда)

Булак: “Майдан. kg” гезити