Печать
Категория: Коом
Просмотров: 157

УКМК чет өлкөлөрдүн биринде жашап, улуттар аралык кастыкты козутууга арналган макалаларын соцтармактарга жарыялап келген кыргызстандык кармалганын билдирди. 

"КР УКМК тарабынан улуттар аралык кастыкты козутуу фактыларын жоюу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Анын негизинде, чет өлкөдө жүргөндө «Фейсбук» социалдык тармагындагы баракчасына мезгил-мезгили менен кастыкты козутуучу чагымчыл мүнөздөгү басылмаларды жарыялап турган Кыргыз Республикасынын жараны Э.Б. аныкталды. 

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Э.Б. жаранына карата  камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы сырттан тандалган.

Үстүбүздөгү жылдын 6-сентябрында жаран “Э.Б.” Россия Федерациясынын мыйзамдарын бир нече жолу бузууга жана Россияга каршы иш-аракеттерди жүргүзүүгө байланыштуу Москва шаарынын Преображенский райондук сотунун чечими менен Кыргыз Республикасынын аймагына депортацияланган.

Ушул жылдын 7-сентябрында жаран Э.Б. КР КК 330 беренесинин 2 б. 1 п. боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн айыпталып, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине өткөрүлүп берилди.

Учурда тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында сотко жөнөтүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

УКМКнын маалыматына белгиленген жаран Эмил Бекиев экени белгилүү болду. Бул жаран Кыргызстандагы Москвадагы элчилигинин алдына өзү жалгыз митингге чыккан жана ар кандай билдирүүлөрүн жарыялап турган.