Печать
Категория: Коом
Просмотров: 125

7-сентябрда КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкы башкармалыгынын медициналык бөлүмүнүн жаңы имаратынын жана башкармалыктын кызматкерлери үчүн футбол аянтчасынын ачылыш аземи болуп өттү.  Ага  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – КР УКМКнын Төрагасы генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев катышты. 

Атайын кызматтын маалыматына караганда, салтанаттуу иш-чарага КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын жетекчилиги жана өздүк курамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сулайманов А.Т., Каракол шаарынын мэри Джумаев Э.Ж., ошондой эле атайын кызматтын ардагерлери катышты.

КР УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкы башкармалыгынын өздүк курамын куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалап, бул иш-чара УКМК бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчилиги тарабынан жүргүзүлгөн иштери экендигин белгиледи.