Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук соту 6 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган жаранды өмүр бою эркинен ажыратты.
"Адилет" укук коргоо уюмунун маалыматына караганда, мындай чечимди Ноокен райондук соту 6-сентябрда чыгарган.
Эске салсак, ушул жылдын 26-майында Ноокен районунун 28 жаштагы тургуну П.А. мектептин даярдоо класстында окуган 3 кызды жолдон токтотуп, короосуна киргизип, тыт үзүп берген. Андан кийин үйүнө киргизип, картошка менен жумуртка кууруп, кыздардын курсагын тойгузган. Ал аралыкта кыздардын ата-энесин сураштырган. Үч кыздын экөөсү атасынын атын айтышкан, ал эми үчүнчүсү ата-энеси ажырашып кеткендиктен, апасынын атын айткан. Кылмышкер курмандык катары ошол үчүнчү, ата-энеси ажырашып кеткен кызды тандап алган. Аны суу алып келебиз деп сыртка ээрчитип чыгып, сарайы жакка алып барып зордуктаган.
Шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин 4-бөлүгү "Он төрт жашка чыга элек балага карата зордуктоо" менен кылмыш иши козголгон.