Печать
Категория: Коом
Просмотров: 145

Кыргызстан чоң же экономикасы өнүккөн мамлекет болбосо да мурдагы президенттер кызматын тапшыргандан кийин өмүр боюу өтө жогору суммада пенсия алышып, жансакчынын кайтаруусунда болушуп, анан дагы мамлекеттик резиденцияда тайраңдап жашашат. Мындай сый-ургал алардын эл, мамлекет үчүн кандай эмгек сиңиргендигине карабай эле берилет. Ошондуктан коомчулук тарабынан аларды элдин эсебинен бекер багуу туура эместиги боюнча сөздөр маал маалы менен көтөрүлүп келүүдө.

Бул ирет бул маселе Жогорку Кенеште көтөрүлүп,  экс-президенттерди мамлекеттин эсебинен багуу мыйзам долбоорун жокко чыгаруу демилгеси сунушталды.

Мындай долбоорду депутат Жеңишбек Токторбаев коомдук талкууга чыгарды.

Маалыматка караганда, мыйзам долбоору мамлекеттин мүлкүн жана бюджет каражатын рационалдуу пайдалануу максатында түзүлгөн.

“КР Экс-президентинин статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунда төмөнкүлөр камтылган:

-  Мамлекеттик резиденцияда жашаган президенттен башка бардык жогорку кызмат адамдары коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын өз жанынан төлөсүн;

-  Жаңы шайланган президент кызматына киришкен учурдан тартып бир айдын ичинде экс-президент мамлекеттик резиденциядагы кыймылсыз мүлк объектилерин пайдаланууну токтотуп, чыгып кетсин;

-  Экс-президент мамлекеттик кайтаруудан (жан сакчыларды) пайдаланууга укуктуу. Бирок аларды өз эсебинен каржыласын;

-  Президент катары ыйгарым укуктарын токтоткон күнү өзүнө жана жубайына, багуусундагы жашы жете элек балдарына акысыз берилген медициналык тейлөө алып салынсын;

-  Мурдагы президент мамлекеттик дачалардын бирин өмүр бою пайдалануу укугунан ажыратылсын;

-  Мамлекетке караштуу телефон, интернет жана байланыштын башка түрлөрүн акысыз колдонуу, почта жана телеграф жөнөтүүлөрүнүн бардык түрлөрүн өкмөттүк разрядда тейлөө беренеси жокко чыгарылсын.

Эске салсак, учурда экс-президенттер пенсия курагына жеткенге чейин иштеп жаткан президенттин айлыгынын 75% өлчөмдө маяна алууга, пенсияга чыкканда да ушундай көлөмдө пенсия алууга укуктуу.

Белгилей кетсек, учурда экс-президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков экс-президент макамына ээ.

Булак: “Майдан. kg” гезити