Печать
Категория: Коом
Просмотров: 873

Бир тапан журналист “Кечинде кыргыз болуп жатып, эртең менен жылдыз болуп туруп”,- демекчи, башка ырчылар өмүр боюу жетпей жүргөн атак-даңк менен сый урматка бир ыры менен жеткен Бегимай Турусбекова жакында Россиянын белгилүү тележурналисти Андрей Малаховдун “Россия-1” (РТР) телеканалында жакында эле ачылып, эл арасындагы таланттуу ырчыларды көрсөтүп жаткан “Привет, Андрей” аттуу программасына да тартылып, ал 4-сентябрда эфирден көрсөтүлдү.

Аталган берүүдө Бегимай Уитни Хьюстондун "I Have Nothing" ырын жана Алла Пугачеванын "Любовь, похожая на сон" чыгармасын аткарып, студиянын конокторун таң калтырды.

Ошондой эле эфир учурунда Бегимайдын жашоосу тууралуу кыскача сюжет көрсөтүлүп, анда Бегимай Казармандагы үйүн көрсөтүп, апасы менен тааныштырган.

Анын катышуусундагы видео "Привет, Андрей" берүүсүнүн расмий сайтына да жайгаштырылган.

Эске салсак, Бишкектин "Ынтымак" паркында дүйнөлүк хит ырларды аткарып, бир түндө интернет жылдызына айланган Бегимай Турусбекова июль айынан орто ченинде Москвага барып, россиялык алып баруучу Андрей Малахов менен жолугуп, анын "Привет, Андрей" берүүсүнө тартылып келген болчу.

Аталган телешоунун тартуу тобу Бегимай Турусбекова туулуп-өскөн Казарманга чейин келип, анын жашоосу тууралуу сюжет тартып кетишкендиги да таң каларлык болууда. Анткени ушул жерде туруп жергиликтүү телеканалдардын бири да Бегимайдын айылына барып, үйүн, апасын көрсөтүп, сүйлөтүшкөн жок.

Айтор, эми Бегимайды бүтүндөй Россиянын катардагы жарандарынан тартып, кесипкөй ырчылары, композиторлору таанып калышты десек болот.  Болгондо да ал көрсөтүүдө студияда отурган музыканттар баш чайкашып, өтө жогору баасын беришти. Демек, Б.Турусбекова эми Москванын “Большой театрында”, операнын мекени Италиянын атактуу театрларында, Европа менен АКШга да барып концерт койсо болот. Себеби Бегимайдын таланты менен үнү дүйнө жүзүндө өтө сейрек кездеше турган, эң татаал, операны баалап уга турган “элита” көрүүчүлөрдүн кумарын кандыра турган ырларды өз деңгээлинде аткара аларын далилдеп койду.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити