Печать
Категория: Коом
Просмотров: 83

Москвада таксист сүзүп кеткен жарандын сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлгөнүн Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Анда айтылгандай, 3-сентябрда саат 19:00 чамасында Москва шаарынын Профсоюзная-Миклухо-Маклая көчөлөрүнүн кесилишинде жоо кырсыгы орун алган. Такси курьер болуп иштеген Россиянын жаранын сүзүп кетип, ал алган жараатынан окуя болгон жерде көз жумган.   

Сүзүп кеткен таксинин айдоочусу 1992-жылы туулган Кыргызстандын Т.А.А. аттуу жараны,  ал жол эрежесин бузуп, светофордун тыюу салуучу жарыгына өтүп кетүүгө аракет кылган.

Учурда Россиянын Ички иштер башкармалыгынын Москва шаарынын Түштүк-Батыш административдик округу боюнча тергөө бөлүмү тарабынан бул адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыгы фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, Т.А.А. камакка алынган.

Элчиликтин жардамы менен тергөө органдары маркумдун агасына инисинин сөөгүн алып кетүүгө уруксат алынып, сөөк Кыргызстанга жөнөтүлдү.