Печать
Категория: Коом
Просмотров: 107

Кыргыз Республикасына Германиядан туристтер туристтик поезд менен келди. Иш сапардын максаты - өлкөнүн кооз жерлерин кыдыруу, кыргыз элинин тарых жана маданий мурастары менен таанышуу болуп саналат.

2022-жылдын август айында германиялык “Lernidee Erlebnisreisеn GmbH” туристтик компаниянын өкүлдөрү Германиядан келе турган коноктор үчүн Кыргызстандын ичиндеги темир жол аркылуу туристтик турга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен “Кыргыз темир жолу” УК” МИге кайрылышкан.

“Кыргыз темир жолу” ишканасы өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүүнүн алкагында бул демилгени колдоп, аталган турга ар тараптуу көмөк көрсөтүп, туристтик поезддин өлкө ичинде темир жол менен жүрүү шартын, коопсуздугун камсыздады.

Алгач коноктор Германиядан учак менен Алматы шаарына 4-сентябрда келишкен. Андан соң 5-сентябрда түзүлгөн (сформированный) поезд менен Кыргызстанга келишкен. Иш-чаранын жүрүшүндө туристтер Боом капчыгайынын көркүнө күбө болуп, Ч.Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборунда болушуп, Ысык-Көлдү кыдырып чыгышы.

Бүгүн, 6-сентябрда туристтик поезд Бишкек шаарына кайтып келди. Коноктор туркомпания уюштурган программанын калган бөлүгүн көрүшөт.

Туристтер Кыргызстандан кийин Өзбекстанга барышып, андан соң өз мекенине кайтышат.