Печать
Категория: Коом
Просмотров: 325

Ар кандай себептерден улам мектепке белгиленген форма кийип келе албаган окуучуну мектеп администрациясы, мугалимдер, класс жетекчилер билим алуу укугунан ажырата албайт. Ошондой эле, окуучуга ар кандай жаза берүүчү иш аракеттердин жасалышына тыюу салынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Өкмөттүн “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарында мектеп формасына бирдиктүү талаптарды киргизүү жөнүндө” 2015- жылдын 12-августунда №572 токтому кабыл алынган. Ага ылайык, окуучулардын мектеп формасынын көрүнүшү, өңү, фасону классикалык стилде болууга тийиш. Демек, буга чейин белгиленген кийимдин классикалык стилине болгон талап күчүндө калат.

Ошондой эле окуучулардын мектеп формасында жалпы билим берүү уюмунун, класстын айырмалоочу белгилери: эмблема, төш белги, сайма ж.б. болушу мүмкүн.

Окуучулардын мектеп формасы аба ырайына жана окуу сабактарын өткөрүүчү жерге, окуу бөлмөлөрүндөгү температуралык режимге ылайык болууга тийиш.