24- августта «Чалдыбар-унаажолу» өткөрүү пунктунан аткезчилик жол менен 211 миң кутудан ашык тамеки каражатын Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарып бараткан автоунаа УКМК тарабынан кармалды.
Ташып бараткандар мыйзамсыз аракеттерин жашыруу максатында 211 000 куту өлчөмүндөгү тамеки буюмдарын тоңдурулган тамак-аштын арасына бекитип, тиешелүү уруксат документтерин алышкан эмес.
Маалыматтар боюнча, конфискацияланган контрабандалык товардын баасы 21 миллион сомдон ашык, ал эми төлөнүүчү салыктын суммасы 9 миллион 495 миң сомду түзгөн.
Учурда акциздик товарларды экспорттоо боюнча мыйзамсыз каналды уюштурган адамдарды аныктоо, ошондой эле аныкталган зыяндын ордун толтуруу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.