Печать
Категория: Коом
Просмотров: 213

Бүгүн, 5-сентябрда УКМК кызматкерлери тарабынан К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти. 

Маалыматка караганда, бул кылмыш иши КР Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 1-бөлүгүндө (Уюшкан топ түзүү же ага катышуу) боюнча каралып кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Анын алкагында, кылмыштуу топту уюштуруп, алардын аракетинде кылмыштын белгилери байкалып, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенген адамдардан өзгөчө ири өлчөмдөгү акча каражаттарын системалуу түрдө опузалап алуу боюнча К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды. Алар:  1984-жылы туулган Абдулдабеков Эдил Муратович, 1993-жылы туулган Дөөлөтбек уулу Бекзат, 1972-жылы туулган Лепихин Александр Александрович, 1972-жылы туулган Кирчанов Дмитрий Викторович, 1895-жылы туулган Токтакунов Кенешбек Шайлобекович, 2001-жылы туулган Тыныбек уулу Мээримбек.

Учурда жогоруда аталган адамдар КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

"Кылмыш иши боюнча тиешелүү атайын тергөө амалдары жүргүзүлүп, «А.Э.М»таандык кылмыштуу тобунун башка мүчөлөрү аныкталууда.

Жогорудагы адамдардын аракеттеринен жабыр тарткандар болсо КР УКМКнын 0312640475 ишеним телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот", - деп айтылат УКМК жөнөткөн маалыматта.