Euronews билдиргендей, бийлик окуу жылынын башталышын жылдырды. Шаарда 1-сентябрдан 4-сентябрга чейин массалык ПЧР-тестирлөө жүрүп жатат.
Кытайдын Сычуань провинциясындагы 20 миллион калкы бар Чэнду шаарынын тургундары бейшемби күнү коронавируска 160ка жакын оң тест аныкталгандан кийин мажбурлап изоляцияга жөнөтүлдү.
Азык-түлүк дүкөнүнө үй-бүлөнүн бир мүчөсү гана бара алат, бул үчүн акыркы 24 сааттын ичинде тесттин терс жыйынтыгын көрсөтүү керек. Көптөгөн азык-түлүктүн баасы көтөрүлдү.