Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Раззаков шаарында өлкө жетекчилигинин калк менен жолугушуулары уланууда.
Эл менен жолугушууларга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Курманкул Зулушев, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов катышууда.
Жолугушууларга ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдыкарим Алимбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы чек арага чектеш айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселеси боюнча атайын өкүлү Мамыржан Рахимовдор да катышууда.
Өткөн жолугушууда жергиликтүү тургундар аймактын социалдык өнүгүүсү, чектеш аймактардын өз ара аракеттенүүсү, жергиликтүү калктын миграциясы, айыл чарбасына мамлекеттик колдоо көрсөтүү, укук коргоо органдарынын айрым кызматкерлеринин мыйзамга каршы аракеттери фактылары боюнча бир катар маселелерди көтөрүшкөн.
Бакыт Төрөбаев белгилегендей, тургундар көтөрүп жаткан көйгөйлөр тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан тыкыр каралып, арыз ээлерине жыйынтык жооптор берилет.
Эртең ушундай эле жолугушуулар Кызыл-Кыя шаарында да өтөт, ага Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын жана Кадамжай районунун тургундары катыша алышат.