Печать
Категория: Коом
Просмотров: 414

Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы Невский районунда жергиликтүү тургун кыргызстандык таксистти зордуктоого айыптап жатат. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты. 

Анда айтылгандай, полиция кызматкерлери Кыргызстандан барып таксист болуп иштеп жүргөн жаранды издеп жатышат. 4-сентябрда эртең менен полицияга 34 жаштагы жергиликтүү тургун кайрылган. Ал такси чакырып, үйүнө баратканын, мас абалда болгонун, жолдо уктап калганын жана андан пайдаланган таксист күч колдонгонун айткан. 

Учурда кылмышка шектүү катары 30 жаштагы кыргызстандык изделип жатат.