Печать
Категория: Коом
Просмотров: 166

Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз ТҮРКСОЙдун жогорку сыйлыгы - алтын медалы менен сыйланды. Алтын төш белгини ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев атайын Парижге барып тапшырганын Садык Шер Нияз өзү соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди. 

Анын айтымында, Раев сыйлыкты тапшыруу үчүн атайын Парижге барган. 4-сентябрда Парижде Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө арналып өткөрүлгөн концертте элчиге жогорку сыйлыкты тапшырган. 

"Атайын менин көңүлүм үчүн убара тартып келген агама бир чети ыраазы болдум. Кубандык, мактандык, сүйүндүк. ТҮРКСОЙго ыраазычылык билдирдик", - деп жазды элчи.