Печать
Категория: Коом
Просмотров: 122

Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен Эгемендүүлүк күнүнө карата ар тармактардын мыктылары мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушту. Сыйлыктарды тапшыруу аземи бүгүн, 2-сентябрда өткөрүлдү. "Кыргыз Республикасынын Эл баатыры" эң жогорку артыкчылыктуу даражасына ээ болгон Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев наам алуу күтүүсүздөн болгонун айтты.

"Сыйлык күтүүсүз болду. Бул үчүн президентибиз Садыр Нургожоевге ыраазычылык билдирем. Көп жылдар өтсө дагы эмгегибизди баалап бергенине. Ал эми УКМКнын бүгүнкү жана келечекте аткара турган иштеринин эң негизги максаты - мамлекеттин улуттук коопсуздугун камсыз кылуу. Бул жаатта биздин кызматкерлер өзүнүн милдеттерин так аткарып жатат жана мындан ары да аткарат деп ишенем", - деди Камчыбек Ташиев.