Печать
Категория: Коом
Просмотров: 153

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-2027-жылдарына карата экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасынын долбоорун талкуулоо боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 29-30-августунда УКМКнын Терроризмге каршы борбору ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча эксперттик жумушчу топ тарабынан сунушталган 2023-2027-жылдарга программасынын долбоорун талкуулашты. Талкууга Программаны ишке ашыруу  максатында мамлекеттик органдардын, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер активдүү катышты.

Талкууга коюлган программанын долбоору Кыргыз Республикасынын экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик саясаттын бирдиктүү  максатын жана милдеттерин, ишке ашыруунун негизги багыттары жана механизмдери каралды.

Талкуунун жүрүшүндө Жумушчу топтун мүчөлөрү программанын долбоорунун мазмуну, анын негизги принциптери, максаттары жана милдеттери, ошондой эле Кыргыз Республикасында экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик саясаттын негизги багыттары менен таанышышты.

КР УКМК Терроризмге каршы борборунун өкүлдөрү коомдун кызыкчылыктарын жана өлкөнүн мыйзамдарын урматтоо менен экстремизмге жана терроризмге каршы натыйжалуу аракеттенүүдөгү мамлекеттик органдардын, эксперттердин жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн пикирлерин эске алуу маанилүүлү экенин белгилешти. 

Бул платформа кесипкөй коомчулуктун мүчөлөрүнүн ортосундагы тажрыйба, пикир алмашууга мүмкүнчүлүк түздү. Талкуунун жыйынтыгында жумушчу топ 2023-2027-жылдарга экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин программасынын долбоорунун мазмунуна тиешелүү түзөтүүлөрдү кабыл алышты.

Талкуу иштиктүү жана конструктивдүү кырдаалда өттү.