“Кыргызстан калкы” Ассамблеясынын Жалал-Абад облусундагы төрагасы Каныбек Тилекеев УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин Кыргыз Эл баатыры наамын алышы тууралуу пикирин билдирди.
- Кыргызстандын эң жогорку мамлекеттик сыйлыгы татыктуу инсандарга берилип жатат. Кечээ күнкү президенттин Жарлыгы менен бир топ инсандарга мурдагы өкмөт башчысы Апас Жумагулов, легендарлуу парламенттин спикери Медеткан Шеримкулов аксакалга ж.б.ларга берилди. Анын ичинде Камчыбек Ташиев дагы Эл баатыры болду.
Мындай сыйлыктарды кимге берүүнү жалгыз президент чечпейт. Бул боюнча атайын комиссия бар. Ал инсандардын элге, мамлекетке жасаган эмгегин иликтеп, таразалап көрүп, чечим чыгарып, анан президентке сунуштайт. Бул боюнча азыр эл арасында ар түрдүү оош-кыйыш пикирлер бар. Ар кимдин пикири өзүндө. Ал эми мен Камчыбек Ташиевге наам берилгенин туура кабыл алдым. Анткени, мен Камчыбек Кыдыршаевичти 1997-жылдан бери тааныйм. Бишкектеги райондордун биринин акиминин орун басары болду, министр болду, андан кийин партияны башкарып, депутаттыкка шайланып, элге кызматын көрсөтүп келатат. Ушул учур аралыгында бир жолу депутаттыкка шайланбай калды, анда бут тосууларга кабылган, мен аны жакшы билем. Бирок кийин маңдайына жазылган экен, эл өкүлү болуп, элдин бир топ маселесин чечүүгө жардам берди. Көптөгөн көйгөйлөрдү, ошол эле Кумтөр маселесин көтөрүп чыккан. Бирок ага убагында бийлик өкүлдөрү тарабынан көңүл бурулбай калган эле, эми буйруса аткарылып жатат. Ошондуктан, Камчыбек Кыдыршаевичге эң жогорку наамдын берилишин элдин мүдөөсү аткарылды деп кабыл алам. Ооба, ал мамлекеттик кызматкер. Бирок мамлекеттик кызматкер мамлекетке татыктуу кызмат кылган болсо, эмнеге наам албашы керек? Татыктуу болсо берүү зарыл. Комиссия чечим чыгарды, президент туура тапты. Мындай инсандарды убагында баалаш керек.