Печать
Категория: Коом
Просмотров: 336

Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында орун алган салтанаттан кийин 4 тоннадан ашык таштанды чогулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. 

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын жумушчулары Эгемендүүлүк күнүнө карата өткөн иш-чарадан соң 4 тоннадан ашык таштанды чыгарды. Тазалоо иштерине жалпы 60 кызматкер, 8 атайын техника анын ичинен 5 таштанды чыгаруучу жана 3 жолду жуучу техника тартылган.

Эске салсак, майрам учурунда аянтка жалпы таштанды салуучу 20 пластик челектер жана 20 даана биодаратканалар орнотулган.