Печать
Категория: Коом
Просмотров: 460

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы, Камчыбек Ташиевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды. Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

"Ак Шумкар өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Ташиев Камчыбек Кыдыршаевичке ыйгарылды», — деп билдирет президенттин маалымат кызматы.