Печать
Категория: Коом
Просмотров: 227

Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгына жана төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгына карата уюштурулган кыргыз-казак айтышынын жеңүүчүлөрү кимдер болгонун Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигиниен билдиришти.

Анда айтылгандай, 31-августта Бишкекте өткөн эл аралык кыргыз-казак айтышында Жеңишбек Жумакадыр жана казак акыны Айтпай Жумагулов баш байгени алышты. Аларга 350 миң сом өлчөмүндө кош байге тапшырылды.

Ал эми 1-орунду кыргыз акыны Баян Акматов жана казак акыны Данияр Алдаберген алып, 200 миң сом кош байгеге ээ болду. 2-орун кыргыз акыны Мамбеттокто Мамбеторозо менен казак акыны Аспанбек Шугатаевге (кош байге 125 миң сом) берилди. 

3-орунга кыргыз акыны Асылбек Маратов жана казак акыны Алтынбек Ибрагимов чыкты. Алар 100 миң сом кош байге алышты. Мындан тышкары айтышка катышкан башка акындарга кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.