Печать
Категория: Коом
Просмотров: 206

- Сейтек Качкынбай Японияга элчи болсун деген кайрылууга кол коюптурсуз. Эмне үчүн ал кишиге ишеним артып жатасыз?

- Биринчиден, ар бир өлкө эл аралык  мамиледе өзүнө дос элдердин, өлкөлөрдүн санын көбөйткөнгө умтулганы оң. Ал үчүн өз элинин арасынан татыктуу өкүлдөрүн дипломат жумушка тартат. 

Дипломаттар өз элин билген, башкаларга таанытып, мамиле, катнашты  бийик деңгээлде өнүктүрө билген кишилер болушу шарт. Дипломаттар саясий, экономикалык, маданий  билим жолдорун заманбап илим деңгээлинде өз элине тарта билген иштерге жөндөмдүү болушу керек. 

Ошондой эле, ал иштерди ийгиликтүү аткарыш үчүн, барган жердин, элдин маданиятын, саясатын, үрп адатын билүү кошумча күч берет. Сейтек мырза эң алдыңкы кыргыздын өкүлдөрүнөн, демек,  кыргыз-жапон мамилесинин өсүшүнүн белгиси десек болот. Айтылган өнөр - касиеттерге ээ болгонго көп жыл бою эки тараптын күчү менен даярдалган адам.