Бишкекте 11-августта “Азия Молл” соода борборунун жер төлөсүндө жайгашкан унаа жуугуч жайдагы Тойота Камри унаасынын астынан гранатага окшош темир буюм табылган. Бул боюнча кылмыш иши козголгон.
Ленин РИИБинин маалыматына караганда, экспертизанын жыйынтыгында табылган зат жараксыз абалдагы “РГД5” гранатасы экендиги аныкталды. Аны сыноо учурунда граната жарылган эмес.
Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен процессуалдык чечим чыгарылат.
Эске салсак, ишкер Ильгиз Шаменовдун автоунаасына граната коюлгандыгы тууралуу маалымат тараган. Бул боюнча маалымат каражаттарына гранатаны өзү таап алганын кабарлаган. Аны Бишкек СЭЗдин жетекчисин сындаганына жана Айыл чарба министрлигиндеги коррупциялык схеманы ачыкка чыгарганына байланыштырган.