Печать
Категория: Коом
Просмотров: 498

Сценарист жана продюсер Өмүрзак Төлөбеков менен маек

- Өмүрзак Жолдош уулу, бир жылдан бери чоң уу-дуу жаратып, “Манастын уулу Семетей” тасмаңыздар акыры чыкты. Фильмди көргөндөн кийинки коомчулуктун алгачкы пикирлери кандай?

- 24- августта “Манас” кинотеатрында бет ачаарын өткөрүп, 25-августтан баштап Бишкектин “Манас”, “Ала-Тоо”, “Октябрь”, “Бишкек парк”, “”Дордой плаза”, “Азия молл”, “Космопарк”, “Аламүдүн грант”, “Жал” кинотеатрларында көрсөтүлүп жатат. Көрүүчүлөр негизинен оң, айрымдар терс пикирлерин билдиришүүдө. Бирок “эпосту бурмалап, кыргызды чет өлкөгө басмырлайт” деген дооматтын негизсиз экенин айкын аңдашты.

Көптөр вице-премьер-министр Эдил Байсаловго окшоп: "Бул фильм тууралуу аябай көп терс пикирлерди окуп, башкача сын көз карашта келип, тасманы көргөндөн кийин алардын такыр эле негизсиз, жүйөөсүз экенине ынандым", - дешти.

- Аймактарда качан коюлат?

- 31-августтан баштап айрым облус борборлорунда, 10-сентябрдан район ортолуктарында коюлмакчы.

- Кинотеатрларга элдин агымы кандай?

- Буга чейин маектерде айтып келгем, Жаңы жылдын алдында Москвага барып, мурдагыча эле кинону  кинотеатрларга коюу тууралуу сүйлөшкөндө, орус кино прокатчылары заман талабына жараша, өзгөчө пандемиядан кийин кино театрларга көрүүчүлөр көп кирбей, жаңы кинолорду негизинен акы төлөнүүчү интернет каналдар аркылуу телевизорлорунан көрүүгө өтүшкөнүн билдиришкен. Ошондон улам биз Америка, Россия, Турция, Кытай, Корея өңдүү өлкөлөрдүн акы төлөнүүчү интернет (стриминг платформа) жана телеканалдары менен кызматташып атабыз.

31-августта Москвада мекендештерибиздин активисттерине жана орус кино прокатчыларына көрсөтүлмөкчү. Ушундай көрсөтүүлөр 5-10-сентябрда Стамбул, Анкара, 10-15-сентябрда Сеул, сентябрдын аягында Нью-Йорк, Чикаго шаарларында болжонууда.

- Анкарада көрсөтүүгө Турция жетекчилери катышып жылуу пикирлер айтылганы жар салынды эле.

- Ооба, Турция жетекчилери жана киночулары көрүшкөн. Эми оңдоп-түзөөлөрдөн кийинки акыркы вариантты көрсөтүп, тасманы качан, кайсы кинотеатрларда, кандай интернет жана теле каналдарда көрсөтүүнү макулдашмакчыбыз.

- Тасма көп тилдерге которулганынан кабардарбыз. Башка тилдерде үн жаздыргансыздарбы же субтитр, тагыраагы астына башка тилдерде жазылганбы?

- Биз субтитр менен беребиз, ар өлкө өз тилдерине өздөрү үн жаздырышат. Кинонун жобосу ушундай, чет өлкөлүк өнөктөштөрүбүз менен ошол тартипте макулдашуудабыз.

- Кыргыз киносунун чет өлкөлөргө чыгуусу арийне, өтө кыйын жумуш. Ага кандайча жетишип атасыздар?

- “Президинет жана бомж”, “Москва сүйүүсү”, “Миллионердин сүйүүсү” тасмаларыбыздын айрым сценаларын Астана, Москва, Берлин, Париж шаарларында чет өлкөлүк актёрлордун катышуусунда тартып, кийин кинолорубузду коюп, кинофестивалдарга катышып, башка мамлекеттердин киночулары менен аздыр-көптүр иштешип келдик. Ал эми азыркы биздин тасмабыз “Манастын уулу Семетей” дүйнөгө айкын таанымал “Манас” үчилтигинин негизиндеги кино. Анын эл  аралык маанисин жеткире түшүндүрүп, эл аралык кино прокатчыларды ынандырууга аракеттенип атабыз. Москва, Стамбул, Анкара шаарларында Россиянын, Турциянын, эл аралык белгилүү кино компаниялардын Азиядагы дирекцияларынын кино менеджерлери, прокатчылары менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, кинобузду көрсөтүп, алардын пикирлерине улам эл аралык кино талаптарына ылайык алымча-кошумчаларды жасап, кызуу иштешип келатабыз. Мында эл аралык “Түрксой”, Шанхай кызматташтыгынын “Жибек жолу” эл аралык уюмдары жана өлкөбүздүн Турция, Россия, Түштүк Кореядагы элчиликтери жигердүү колдоо көрсөтүүдө.

- Азыр кино Бишкекте көрсөтүлө баштады. Пираттык жол менен интернетке чыгып кетүүсүнөн чоочулабайсызбы?

- Чоочулап а дегенде чет өлкөлөрдө көрсөтүп баштайлы десек “бул кыргыз элинин чыгармасы, а деп кыргыздар көрүусү керек” деп чырылдашканынан Бишкектен баштадык. Кинону уурдоо азыркы мезгилде Кыргызстандын акыркы жылдардагы мыйзамдарына ылайык кылмыш катары эсептелет. Мурдагыдай дискке чыгарып акча табуу мүмкүнчүлүгу жок. Ошондуктан пайдасы жок кылмышка акыл парасаттуу жандар барышпас. Экинчиден, эр аралык кино тажрыйбага ылайык тасма кинотеатрдан уурдалып эптеп тартылып интернетке салынган менен андай видоесу булаңгыр, үндөрү пас сапатсыз тасманы маданияты жетиштүү адамдар телефондон көрүүгө алымсынышпай, кино театрларга барышып, чоң экрандан кумарлана көргөндү туура санашат.