Жарандык активист Самсалы Четинбаев Кыргызстандын Япониядагы Элчилик кызматына Сейтек Качкынбаевди дайындоо туура болот деп эсептейт.
- Сейтек Качкынбаев жаңы муундун өкүлү, билимдүүсү. Кан алмашпайынча, жаңыланмайынча өзгөрүү болбой калган учурлар ар бир тармакта кездешет. Өзгөрүү, жаңылануу, алдыга жылуу болсун деген ниетте мен ал жигитти колдоп чыктым. Ишти илгерилете турган жаңы күчтөр келсе, мамлекетибиз үчүн эле утуш болмок. Анын үстүнө Жапан өлкөсү эң өнүккөн өлкөлөрдүн бири, колдон келишинче алардын дилин, тилин, маданиятын түшүнгөн азаматыбыз ал жакта элчиликти аркаласа, элибизге чоң утуш алып келмек. Элчилик кызмат - инвестиции тартууга, эки мамлекеттин ортосунда алаканы жакшыртууга өбөлгө түзчү кызмат.