Печать
Категория: Коом
Просмотров: 496

- Сейтек Качкынбаевди Японияга элчи болсун деген кайрылууга кол коюптурсуз. Эмне үчүн ал кишиге ишеним артып жатасыз?

- Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери чет өлкөлөрдөгү элчилик кызматка ошол элдин тилин, маданиятын, психологиясын билген инсандар дайындалган жок. Ошол жагын эске алып, мен Сейтек Качкынбаев Японияга элчи болсун деген кайрылууга кол койдум. Анткени, мамлекеттик түзүлүштүн эрежеси боюнча, элчилик – өтө маанилүү кызмат. Бул – эл аралык алака, инвестиция, жаштарды сырттан окутуу, дүйнөлүк процесстерге интеграция. Ошондуктан, кыргыз сяасатынында кайнагандарды эмес, Сейтек Качкынбаевдей жигердүү, алдына койгон максаттары бийик, элине кызмат кылам деген азаматтарды элчилик кызматка даярдасак, мамлекет үчүн пайдалуу болмок. 

Сейтек Качкынбаев Японияда 8 жыл билим алып, дагы 6 жыл жогорку окуу жайында сабак берген, япон тилин, саясий экономикасын, тарыхын, маданиятын, менталитетин тереңден өздөштүргөн жигит.