"Үмүт и Ко" компаниясынын тең ээси Журат Абдуллаевдин үйүнөн көп сандаган ок дары, курал-жарак, жардыруучу заттар жана БТР табылгандыгы коомчулукта ар түрдүү пикирлерди пайда кылды. Алардын бири ФБнын Дамир Байболотов аттуу колдонуучусунуку. Өзгөртүүсүз беребиз:
- Журат Абдуллаев кылмыштуу шанстарды колдоно албады. Ага азыркы УКМК жол бербеди. Анткени, Журат Абдуллаев менен Алмаз Атамбаев, Сапар Исаковдун заказын аткарып келген экен. Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө согушка даярданып, таш төктүрүп, курал - жарактары менен жоокерлерди аткан. Ошол куралдарды Журат бергени билинип турат. Ошол кезде Журат аларга жардамга келген. Андан эч ким шек санамак эмес. УКМК азыр сонун иштеди. Кудай сактады, Атамбаев менен Исаков 7-апрелдегидей кан төктүрмөк деп эч ким кепилдик бере алмак эмес. Далай өмүрлөр кыйылмак. Булар акырын билгизбей Журат аркылуу курал -жарактарды даярдап жатканы билинип калды. Буларга Балбак Түлөбаев да кошулуп калганы күмөн жаратат. Себеби, Балбак да Журат кармалганда эле курал- жарактарды көрүп, айкырып колдоп чыкты.
Ушундай котур ташы койнунда, сыртынан сулуу чымчык, кыйын бизнесмен болгон Журат Абдуллаевдин чыныгы жүзүн алып чыккан Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев, башкы прокуратура жана МВДга ырахмат! Ушундай курал- жарактар эртен элге атылмак, эми Журатты актабай эле койгула! Согушка даярдык көргөндөр жооп беришсин, элибизге тынчтык болсун!