Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин жана Евразия экономикалык биримдигинин “Келечек” биринчи жаштар форумунун ачылышына катышты.
Иш-чарага Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович да катышты.
Учурашуу сөзүндө Министрлер Кабинетинин Башчысы Акылбек Жапаров КМШ жана ЕАЭБ жаштарынын күн тартиби евразиялык интеграциянын жаңы векторлорунун бири экенин белгиледи.
“Бул форум Кыргыз Республикасынын демилгеси менен Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарында төрагалык кылуусунун алкагында өткөрүлүүдө. Жаштар форумун өткөрүү боюнча эстафета мындан ары да уланат деп ишенебиз. Бүгүнкү форум 500дөн ашуун катышуучуларды, жаштардын эң активдүү өкүлдөрүн чогултту, алардын арасында КМШ жана ЕАЭБ мейкиндигинде интеграцияга жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын туруктуу өсүшүнө көп күч-аракетин жумшап жаткан адамдар бар”, - деди ал.
Акылбек Жапаров учурда өсүп келе жаткан муундун, интеллигенциянын жана бизнес-акселераторлордун КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн технологиялык жактан алдыга жылышы үчүн ишкердиктин заманбап ролун, кесиптин, инфраструктуранын маанилүүлүгүн түшүнүүсү абдан маанилүү экенин белгиледи.
“Билим берүү жана коомчулуктун долбоорлору, өзгөчө эл аралык экономика, робототехника жана IT-технологиялар тармагында чыгармачыл жаштар үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар. КМШнын жана ЕАЭБтин жаштар күн тартиби евразиялык интеграциянын жаңы векторлорунун бири экендиги маанилүү. Бул багытты андан ары диверсификациялоо биздин жаштардын чет мамлекеттер менен, интеграциялык региондук бирикмелер менен байланыштарынын географиясын - Түштүк Америкадан Түштүк-Чыгыш Азияга чейин кеңейтет. Акыркы он жылдыктардын тажрыйбасы динамикалуу өзгөрүп жаткан дүйнөдө өнүгүүнүн инновациялык потенциалын натыйжалуу өнүктүрө алган жана жемиштүү пайдалана алган мамлекеттер жана уюмдар стратегиялык артыкчылыктарга ээ болоруна ынандырат. Алардын негизги алып жүрүүчүлөрү жаштар”, - деди ал.