Печать
Категория: Коом
Просмотров: 82

Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы капиталдык курулуш башкармалыгы 72 батирлүү турак үй курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылды. 

Анда айтылгандай, 9 кабаттуу объектини Көк-Жар конушундагы Молдокулов көчөсүнө куруу пландалууда.

Курулуштун пландалып жаткан суммасы 156 миллион 897 миң 121 сомду түзөт. Сынактык тапшырыкты берүүнүн мөөнөтү 7-сентябрга чейин.