Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-августта, Бишкек шаарында улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине батирлердин ачкычтарын тапшырды.
Чогулгандардын алдында сүйлөп жатып, Мамлекет башчысы улуттук коопсуздук органдары тартипти орнотууда, мамлекетте коопсуздукту жана жарандардын бейпил жашоосун камсыздоодо чоң рол ойноорун белгиледи.
“Сиздер терроризмге, экстремизмге каршы күрөшүүдө жана өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүн сактоодо алдыӊкы катарда болуп келесиздер. Сиздерге коомдогу туруктуулук менен укуктук тартипти бекемдөө, коррупция, кылмыштуулук менен күрөшүү жоопкерчилиги да жүктөлгөн. Бул жаӊы мамилени, заманбап билимди жана чын ыкластан берилүүнү талап кылган ары татаал милдеттер”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.
Президент азыркы замандын чакырыктары менен коркунучтары, дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүүлөр чекисттерден өтө чоң жоопкерчиликти жана кесипкөйлүктү талап кыларын өзгөчө белгиледи.
“Мындай шартта өлкө коопсуздугун камсыздоодо атайын кызматтын кызматкерлерине өзгөчө суроо-талап коюлат, ишеним артылат! Аскер кызматкерлеринин социалдык маселелерин учурунда чечүү алардын жана жаш муундардын Ата Мекенди коргоого болгон умтулуусун арттырат”, - деди мамлекет башчысы.
Садыр Жапаров белгилегендей мамлекет аскер кызматкерлерин турак-жай менен камсыз кылуу программасын ишке ашырууда мындан ары да ырааттуу аракеттерди жүргүзөт.
“Сүйүктүү Кыргызстаныбыздын тынчтыгын камсыздоодо болгон аракетиңиздерди күчөтүп, чекисттик салттарды бекем сактап, мамлекеттин, улуттун келечеги үчүн ар дайым өз салымыңыздарды мындан ары дагы кошосуздар деп терең ишенем!”, - деди президент.