Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата Кыргызстанда 17-сентябрда жалпы ишембилик өтөт. Бул тууралуу “Эко Деми” коомдук фондунун президенти Айжан Чыныбаева билдирди.
Ал белгилегендей, бүгүнкү күндөн тартып тазалык күнүнө чейин ар кандай иш чаралар өткөрүлөт.
"Кыргызстан дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында өтүп жаткан ишембиликке төртүнчү ирет катышып, катышуучулардын саны боюнча биринчи орунду алып келүүдө. Башкача айтканда, Кыргызстанда жалпы калкынын 10 пайызы ал иш-чарага катышууда. Бул жакшы көрсөткүч. Өткөн жылы 640 миң ыктыярчы ишембиликке катышкан. Ыктыярчылардын эң улуусу 88 жаштагы карыя, эң кичүүсү 3 жаштагы кыз болду. Быйыл биз катышуучулардын санын 13 пайызга жеткирүүнү пландаштырып жатабыз", - деди.