Кыргызстанда "Электрондук мектеп" ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Самаркүл Умралиева билдирди. Айтымында, бул пилоттук долбоор боюнча учурда иш жүрүп жатат. Электрондук мектеп аралыктан окууга мажбур болгон балдар үчүн ачылат.
Азырынча ага канча акча кетээри эсептелди. Мектеп атайын камералар, микрофондор жана башка аралыктан окутууга керектүү жабдыктар менен жабдылат. Аралыктан окутууну билген мугалим дайындалат. Бир класска 15тен 25ке чейин бала кабыл алынат.
Башчы былтыркы жылы өлкө боюнча дээрлик 2 миңге жакын бала билим албаганын билдирди. Алардын арасында мигранттардын да балдары бар.
Ошондуктан, аталган мектеп саламаттыгына байланыштуу эмес, ата-энеси балдарын мектепке орноштура албай калган балдарды окутууга арналган.