Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев Россиянын Ульяновск облусунда жол кырсыгынан каза тапкан 14 кыргызстандыктын жакындарына көңүл айтты.
"Россиянын Ульяновск шаарында болуп өткөн каргашаны угуп жүрөгүм катуу ооруду.
Бүткүл жашоосу алдыда турган, ойносо оюнга тойбогон, турмуш сапарына жаңы эле чыгышкан жаш балдарыбыздын кыйылган өмүрлөрү, сөз менен айтып болбой турган кайгылуу окуя деп ойлойм жана алардын ата-энелерине, жакындарына өзүмдүн, үй бүлөмдүн атынан терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кайрат кылгыла, жакындарын жоготкон мекендештерим", - деп жазды Курманбек Бакиев.