22-августта Кыргызстандын "Электр станциялары" ишканасы казакстандык Orient Trade Investment компаниясы менен каскад куруу боюнча меморандумга кол койду. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.
Меморандумда тараптар Нарын дарыясына төрт ГЭСтен турган Казарман ГЭС каскадын курууну макулдашты. Алар: Алабука ГЭС, Кара-Булуң ГЭС-1, Кара-Булуң ГЭС-2, Тогуз-Торо ГЭС. Каскадды беш-алты жылда пайдаланууга берүү пландалып жатат.
Каскадды курууга 1 миллиард доллардан ашык каражат керектелет.
Маалыматка караганда, меморандумга кол коюуга Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев катышкан.