22-августта Бишкек шаардык соту жарандык активист, блогер Адилет Балтабайдын бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Буга чейин активистти үй камагына чыгарууну өтүнүп, анын адвокаты сотко арыз менен кайрылган.
Адилет Балтабай 30-июнда камакка алынган жана Бишкектеги Биринчи май райондук соту аны бир айга камоо тууралуу өкүм чыгарган.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков 18-июлдагы маалымат жыйынында “Азаттыктын” кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып, Балтабайдын күнөөсү лингвистикалык экспертизанын негизинде далилденгенин айткан.