Печать
Категория: Коом
Просмотров: 126

Бүгүн, 22-августта Бишкекте спортчуларга ай сайын берилүүчү 500 долларлык стипендия тапшырылды.

Эске салсак, стипендия 2022-жылдын 1-майынан 2024-жылдын 31-августуна чейин 15 кыргызстандык спортчуга каралган. Бирок каражат кечеңдегендиктен, төлөмгө сертификаттар эми берилди. 

Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти Садыр Мамытов стипендияга ээ болгон спортчуларды куттуктады. 

"Стипендиянын санын 10дон 15ке жеткире алдык. Каражатты балдар-кыздарыбыз 2024-жылы өтө турган Париж Олимпиадасына чейин алышат. Ал өз учурунда спортчулардын аталган мелдешке мыкты даярданышына өбөлгө түзөт", - деди.