Печать
Категория: Коом
Просмотров: 141

Сентябрь айынан баштап мектеп директорлордун жана бөлүм башчылардын айлыгы көтөрүлөөрүн билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев мугалимдердин конференциясында билдирди.

Министрдин айтымында, бул боюнча документтер даярдалды. Бирок канча пайызга көтөрүлөөрүн тактаган жок. 

Ушул жылдын апрель айында мугалимдердин айлык акысы көтөрүлгөн. Август айында мамлекеттик кызматкерлердин маянасы жогорулаган.