Печать
Категория: Коом
Просмотров: 110

Ульяновск облусунун Николаевск районундагы Прасковьино жана Новоспасское айылдарынын ортосундагы М-5 “Урал” автожолунда кечээ, 21-августта жол кырсыгы орун алып, 14 кыргызстандык каза болду. Окуя тууралуу  КР Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Назгүл Жусубакунова буларды билдирди: 

- Алдын ала маалыматтар боюнча, окуянын кесепетинен жалпы 16 адам каза болуп, анын ичинен 14 адам Кыргыз Республикасынын жараны болгон. Мындан тышкары 3 киши медициналык мекемеге жаткырылып, учурда алардын жарандыгы такталууда.

Окуя болгон жерге консулдук укуктук жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин консулдук кызматкерлери жөнөп кетишти.

Жогорудагы окуянын бардык жагдайларын тактоо максатында Ульянов районунун укук коргоо жана компетенттүү органдарынын өкүлдөрү менен байланыш түзүлдү. Элчилик тарабынан жогорудагы кырсыкта каза болгон жана жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жакын туугандары үчүн +7 (926) 861 50 98 ишенимдүү түз байланыш номери уюштурулду.

Ошондой эле Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде да +996 508 628-588, +7 977 947 55 80, +996 551 312-000 (WhatsApp) түз байланыш номерлери ачылды.