Печать
Категория: Коом
Просмотров: 99

Борбор калаанын Ленин районунда транспорт салыгын төлөөдөн качкандарды аныктоо боюнча рейддер башталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады. 

Анда айтылгандай, муниципалдык администрация, мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча башкармалыгынын, Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте "Ош базары" соода комплексинин жанаша жайгашкан аймагында транспорт салыгын төлөө боюнча рейд жүргүзүштү.

Анын жыйынтыгында ар бири 1000 сомдон 8 протокол түзүлүп, бир унаа айып жайга жөнөтүлүп, лицензиясы жок иштеген таксисттерге 69 акт түзүлдү, бул иш-чара ММК өкүлдөрү тарабынан тасмага тартуу менен коштолду.

Жарандар транспорт салыгын 2022-жылдын 1-сентябрына чейин төлөшү керек.